• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда COVID-19 менен күрөшүүгө 1 миң 124 дарыгер тартылган

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда COVID-19 менен күрөшүүгө 1 миң 124 дарыгер тартылган. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ММК фонду тарабынан эң көп төлөм Кызыл-Кыя аймактык ооруканасына төлөнгөн. Анда 231 медициналык кызматкерге 3 миллион 14 миң 500 сом берилген.

Баткен облусунда август айында медициналык кызматкерлерге кенемте төлөө үчүн 19 миллион 686 миң 700 сом которулган.

Пикир

Оставить комментарий