• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунда дагы бир санитардык-карантиндик пост коюлду

Аймак 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Баткен облусунда дагы бир санитардык-карантиндик пост коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө жана аткезчиликке бөгөт коюу максатында Лейлек районунун кире беришине санитардык карантиндик пост коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү.

Учурда облуста 2 негизги санитардык карантиндик пост, чек аралаш аймактарда 5 көзөмөл посттор иштеп жатат. Ал эми кошуна мамлекеттер менен чек арада жайгашкан автожол көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Баткен облусунда бүгүн коронавирустун жаңы 9 учуру катталып, жалпы оорулуулардын саны 77ге жетти. 9 учурдун экөө Баткен шаарында, бирөө Баткен районунда , төртөө Кызыл-Кыя шаарында, экөө Кадамжай районунада аныкталган. Орулуулар сырттан келгендер, жүк ташуучу унаанын айдоочулары, кайдан жуктурганын билбегендер жана ооруну жуктургандар менен байланышта болгондор.

Жарандар үчүн колл-борбордун 118 кызматы жана мобилдүү топтор иштеп жатат. Облустун ооруканаларынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө 119 орун даярдалган.

Күн сайын базарларда, дүкөндөрдө, калкты тейлөө ж.б. мекемелерде рейддер жүргүзүлүп, 1364 обьект текшерилип, санитардык нормаларды сактабаган 129 ишканага айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий