• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда дарыгерлер окутуудан өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда дарыгерлер окутуудан өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Саламаттык сактоо министрлигине жазган сунуш катынын негизинде, Баткен облусуна Бишкек шаарынан эки ыктыярдуу дарыгер келип, жергиликтүү дарыгерлерди практика жүзүндө окутууда.

Мындан сырткары облустун бардык ооруканаларында, үй бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, дарыгерлер, жугуштуу илдеттин алдын алуу, ооруну дарылоо, медициналык коргонуучу каражаттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери жана эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча дистанттык негизде окутуудан өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий