• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда дезинфекция жумуштары токтоосуз уланууда

Аймак 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Баткен облусунда коронавирус оорусуна каршы күрөшүүдө залалсыздандыруу жумуштары токтоосуз уланып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан дезинфекциялык каражаттар берилип, ӨКМ жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кызматкерлер менен техникалар тартылууда.

Учурда ӨКМнин аймактык башкармалыгы тарабынан жалпы облус боюнча 2722900 чарчы метр жер аянты дезинфекцияланып, ага 643кг хлор порошогу жана 55 литр хлор суюктугу иштетилди.

Дезинфекция жумуштарына жалпы 394 техника тартылып, 11823литр күйүүчү май иштетилди.

Ал эми санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 39 дезинфектору тынымсыз иш алып барып, 1500 тонна дезинфекциялык каражат пайдаланылды.

Пикир

Оставить комментарий