• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда дезинфекция жумуштары уланууда

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда дезинфекция жумуштары уланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан бүгүнкү күнгө чейин 4 тонна дезинфекциялык каражат коротулуп, имараттарды, көчөлөрдү жана унааларды залалсыздандырууга 40тан ашуун дезинфектору тартылды.

Ал эми ӨКМнин аймактык башкармалыгы тарабынан 1 тонна 781 кг хлор, 768 литр хлор суюктугу, 573 даана дезинфекциялык дары каражаттары иштетилди.

Пикир

Оставить комментарий