• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда дезинфекциялоо жумуштары уланууда. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда дезинфекциялоо жумуштары уланууда, - деп кабарлайт өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан 1-майга чейин 10 млн 684 миң 100 чарчы метр жер дезинфекцияланды. Бул үчүн 2 тоннадан ашуун хлор порошогу, 1500 литр хлор суюктугу, 730 даана хлор дарысы керектелген.

Ал эми облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 4 тоннадан ашуун дезинфекциялык каражат пайдаланылып, 65 миң чарчы метр жер залалсыздандырылды.

"1-майдан тартып айрым тармактардын иши кайрадан жандангандыгына байланыштуу Баткендин башчысы Алишер Абдрахманов эл көп топтолгон жайларда дезинфекция жумуштарын тынымсыз улантууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий