• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен облусунда эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү бүгүн, 11-майда өлкөдө бир катар тармактардын ишке киргендигине байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаал, санитардык-карантиндик эрежелер, жеке гигиенаны сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Учурда облустун бардык аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери менен биргеликте дүкөндөрдө, калкты тейлөө түйүндөрүндө, көчөлөрдө, коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кызматкерлер жарандарга зарыл болбосо көчөгө чыкпоо, коргонуучу беткаптарды кийүү, жаш балдарды себепсиз көчөгө алып чыкпоо, калк көп жайгашкан жерлерде социалдык аралыкты сактоо, дезинфекция жумуштарын жасап туруу боюнча эскертип жатышат.

Ошондой эле элдин коопсуздугун санитардык-карантиндик посттор да көзөмөлгө алууда. Учурда облуста 15 пост иштеп жатат. Бул посттор облустун кире беришине жана коронавирус илдети жаңы катталган аймактарда, кошуна республикалар менен чектеш аймактарда жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий