• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда элдик кошуун тарабынан 65 пост орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда элдик кошуундун мүчөлөрү тарабынан 65 пост орнотулду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткенде элдик кошуунга тартылган ыктыярдуу жаштардын саны 854 жаранды түздү. Алар күнү-түнү нөөмөттө туруп, айылдагы кыймыл-аракетти көзөмөлгө алууда.

Мындан сырткары, 82 кайгуул тобу уюштурулган.

Эскерте кетсек, Баткен облусунда 4 негизги жана 23 ички санитардык-карантиндик пост коюлган.

Пикир

Оставить комментарий