• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен облусунда эпидемиологиялык кырдаал кооптуу бойдон калууда - Максутов

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда эпидемиологиялык кырдаал кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 9-июлга карата облус аймагында коронавирус жуктурган 20 учур катталды. Алар Баткен шаарында 4, Кызыл-Кыя шаарында 7, Кадамжай районунда 8 жана Лейлекте бир адам илдетке кабылды.

“Облус аймагында коронавируска жалпы 213 адам чалдыкты. Алардын 71и айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда ооруканаларда 72 адам, амбулатордук шартта 70 бейтап дарыланууда. Обсервацияда 69 киши болууда. Ошондой эле 41 адам пневмония менен ооруп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин жарандардан жалпы 17 миң 971 анализ алынды”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8847ге жетти. Алардын ичинен 1370и медицина кызматкери. Илдеттен 3053 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 116 адам каза болду

Пикир

Оставить комментарий