• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда эпидкырдаалга байланыштуу бир катар чектөөлөр кабыл алынды

Аймак 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда эпидкырдаалга байланыштуу бир катар чектөөлөр кабыл алынды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында, облустун аймагында бир катар коомдук жайлардын, иш-чаралардын өтүүсүнө чектөөлөр кабыл алынды.

- жума намаздарын мечиттерде жамаат менен окууга убактылуу тыюу салынат, үйдө окуу сунушталат.

- той-аштарга убактылуу тыюу салынат.

- облустун аймагындагы коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторан, ашкана жана дүкөндөрдүн ээлери санитардык эрежелерди сактабаса, анда мекеме жабылат.

- коомдук транспорттун айдоочулары, жүргүнчүлөр санитардык норманы сактабаса, тиешелүү чаралар көрүлөт жана бир тараптуу автобустук каттамдан четтетилет.

- аймактарда кафе, ресторан, ашкана коомдук тамактануучу жайлар күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөсү белгиленет.

- соода түйүндөрү, дүкөндөр күн сайын саат 07:00дөн 19:00гө чейин гана иштейт.

- бардык базарлар саат 09:00дөн 17:00гө чейин гана иштемекчи.

-балдар оюн аянтчалары жана башка көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрүнө тыюу салынат.

-тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. Кабыл алынган нормаларга ылайык, карантин режимин бузгандыгы үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат.

- балдар оюн–зоок мекемелери, футбол аянтчаларына иштөөгө тыюу салынат.

Мындай чечимдер коронавирус илдетин алдын алуу боюнча түзүлгөн облустук штабдын отурумунда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий