• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен облусунда ички жолдорду асфальттоо жумуштары кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда ички жолдорду асфальттоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Ак-Таш участкасындагы, узундугу бир чакырымга жакын болгон Калыков көчөсүнө асфальт төшөлдү. Шаарда ушуну менен экинчи чоң көчөгө республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлдү.

Жолдун курулуш иштеринен облус башчысы Алишер Абдрахманов кабар алды. Ыйгарым укуктуу өкүл жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, облустагы ички жол курулуштарын өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Белгилей кетсек быйылкы 2020-жыл ичинде облус боюнча жалпы 18 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган болсо, бүгүнкү күнгө 14 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүттү.

Ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоо жумуштарын аткаруу үчүн жыл башынан бери 70 млн 200 миң сом акча жумшалды.

Азыркы күндө курулушу жана реконструкция жумуштары аяктаган жолдор Баткен шаарынын Курманжан Датка, Калыков көчөлөрү, Кызыл-Кыя шаарынын Маяковская, Масалиев көчөлөрү, Баткен районунда Сапарова, Сох-Газ, Сох-Кан автожолу, Исфана шаарында Манас-Ата, Жаңы-Абад жолдору, Айдаркен шаарында Кыргызстан, Асаева көчөлөрү, Сүлүктү шаарында Бакыбек, Кулматов атындагы көчөлөрү, Лейлек районунда Самат-Замборуч-Жаркыштак, Исфана-Андарак-Көк-Таш, Исфана-Гордой-Кекре жолдору, Кадамжай районунда Металлург-Северная, Кыргыз-Кыштак айылында Халмион-Таш-Дөбө жолдору.

Пикир

Оставить комментарий