• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда инспекторлор 11-апрелде күчөтүлгөн тартипте иштейт

Аймак 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери ар бир аймактарда жол эрежелерин сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Бул тууралуу Баткен облустук милиция боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, алдыда өтө турган 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүгө карата Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнын жана шаардык-райондук ИИБдер боюнча өздүк курамы саптык кароодон өттү.

“ЖКККБнын жетекчилиги кызматкерлерди шайлоо учурунда жол унаа кырсыктарын алдын алууга, мыйзам бузууларга жол бербөө жана өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткаруусуна милдеттендирди”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЖКККБнын облус аймагындагы кызматкерлери 11-апрелде күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий