• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунда изоляция үчүн 366, ал эми обсервация үчүн 766 орун даярдалган

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда изоляция үчүн 366, ал эми обсервация үчүн 766 орун даярдалган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул үчүн аймактык ооруканалардын, жатак мектептердин, көмөкчү мектеп интернаттарынын, лицейлердин, жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун имараттары пайдаланылууда.

"Облуста коронавирус илдетин жайылтпоо максатында, өлкөнүн башка аймактарынан келген жарандар обсервацияга алынып, медициналык кароо жүргүзүлгөн соң, анализи таза болсо, үй карантинине жиберилүүдө. Азыркы учурда келген жарандардын агымы азая элек. Мындан улам обсервацияга кошумча орундарды даярдоо боюнча иш-аракеттер журүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, обсервацияга алынган жарандар КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Улуттук кызыл ай коому тарабынан тамак аш, бир жолу колдонулуучу идиш аяктар, гигиеналык каражаттар менен камсыз болууда.

Пикир

Оставить комментарий