• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Бүгүн саат 14:50дө Баткен облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жер титирөө Баткен шаарында - 2,5 балл, Баткен районунун Чарбак, Боз-Адыр айылдарында 2 балл жана Бөжөй айылында 4 баллга чейин сезилген. Кадамжай районунун Өтүкчү айылында 4 балл, Айдаркен шаарында, Кызыл-Коргон, Совет, Кара-Тумшук, Ормош айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий