• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда көчмө урна аркылуу добуш берүү жүрүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда Баткен облусунда саламаттыгына, майыптыгына карылыгына байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган 856 жаран көчмө урна аркылуу добуш берүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар буга чейин көчмө урна аркылуу добуш берүү үчүн, шайлоо участкасына арыз менен кайрылган жарандар болуп эсептелет.

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого облустун шайлоо участкалары даяр.

Учурда Баткен облусунун аймагында 3 шайлоо округдары түзүлүп, жалпы 218 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 305 136, ал эми бирдиктүү шайлоо округу боюнча 306 062ни түздү.

Бүгүнкү күндө облус боюнча добуш берүү жайдан сырт добуш берүү үчүн арыз бергендердин саны №1 Лейлек округу боюнча бирдиктүү шайлоо округу 416, бир мандаттуу шайлоо округу 396, №2 Баткен округу боюнча 120, №3 Кадамжай округу боюнча 320. Жалпы облус боюнча бирдиктүү шайлоо округу боюнча 856, ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 836.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жалпы 436 кызматкер бөлүндү. Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардан элдик кошуундар уюштурулду.

Шайлоо учурунда коомдук саясий абалды туруктуу сактоо жана орчундуу окуялар катталган аймактарга өз убагында ыкчам чыгуу үчүн кошумча атайын багыттагы күч түзүмдөрүнөн жалпы 406 кызматкер резервде турат.

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосун өткөрүүдө ар бир шайлоо участкасында санитардык көрсөтмөлөрдүн сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү жана медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн 419 медициналык кызматкерлери бекитилди.

Шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында электр генераторлору менен камсыздалып, жылуулук менен камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий