• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда күрүчтөн мол түшүм алуу күтүлүүдө

Аймак 0

Баткен, 17.06.22. /Кабар/. Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында күрүч 3 гектар жерге эгилген. Дыйкандардын айтымында, быйыл күрүчтөн мол түшүм алуу күтүлүүдө.

Ишкер Муктар Исаков белгилегендей, ал өзүнүн кооперативи менен биргеликте 171 га жерге күрүч эккен.

“Бизде күрүчтүн 5 түрү эгилет. Биздин жалпы брендибиз – “Ак турпак”. Күрүч жеңилдиги жана ден соолукка пайдалуулугу менен айырмаланат. Дыйкандар жылдан жылга күрүч айдоодо тажрыйба топтошууда. Буга чейин бир гектар жерден 3 тоннага чейин күрүч алып келген болсок, азыр 4-4,5 тоннага чейин жетүүдө”, - деди ал.

Исаков дыйкандар экспортту көбөйтүүгө ниеттенип жатышканын кошумчалады.

“Күрүч – жергиликтүү жашоочулардын негизги иши. Азыркы учурда биз күрүчтү Өзбекстанга экспорттойбуз. Ошондой эле ички рынокто дагы жакшы сатылат. Биздин күрүчтөр бишкектиктердин арасында жакшы суроо-талапка ээ. Келечекте башка өлкөлөргө экспорттун көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий