• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда калктын аярлуу катмарына ун таратылууда

Аймак 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөт тарабынан облустагы калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардам катары 154 тонна ун бөлүндү.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан келген ун район жана шаарлардын калкынын санына жараша бөлүштүрүлүп, таратылууда.

Пикир

Оставить комментарий