• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Чектөөлөрдүн тизмеси

Аймак 0

Бишкек 14.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Мындай чечим кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында облустук штабдын кезектеги отурумунда кабыл алынды.

Ага ылайык бир катар чектөөлөр киргизилет:

15-июлдан тарта аймактагы коомдук тамактануучу жайлар, ашкана, кафе, ресторан, бал муздак сатуучу жайлардын иштөөсүнө убактылуу абал турукташканга чейин тыюу салынат.

14-июлдан тарта облустун аймагындагы район, шаар аралык коомдук транспорттун каттоосуна убактылуу абал турукташканга чейин токтотуу чечими кабыл алынды.

Район, шаарлардын башчыларына кырдаалга жараша райондук, шаардык штабдын чечиминин негизинде карантин киргизүү сунушталды.

Санитардык-карантиндик посттон жеке такси кызматтарынын облустун аймагынан чыгууларына тыюу салуу, дыкат көзөмөлдөө, талапты аткарбаган айдоочуларга карата тийиштүү чара көрүү жагы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий