• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда коомдук транспорттун иштөөсүнө уруксат берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун иштөөсүнө уруксат берилди. Мындай чечим облустук штабдын отурумунда кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, айдоочулар жана жүргүнчүлөр учурдагы кырдаал талап кылган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды так сакташы керек.

Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду байма-бай дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду.

Белгилей кетсек, азырынча облустар аралык коомдук транспорттун каттоосуна уруксат жок.

Пикир

Оставить комментарий