• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунда коронавирус менен күрөшүүдө ишкерлер, жаштар колдоо көрсөтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Баткен облусунда өзгөчө кырдаал учурунда жергиликтүү элге жардам колун сунган ишкерлер менен демилгечил топтордун катары көбөйүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунда жаштардан түзүлгөн демилгелүү топтор ар бир айылга атайын тосмо коюп, айыл тургундарына өзгөчө кырдаалдын эрежесин сактоо зарылдыгын эскертип, тийиштүү мамлекеттик кызматтарга колдоо көрсөтүүдө. Ал эми Үч-Коргон айылынын ишкерлери 200миң сом топтоп, аймактагы муктаждарга жардам көрсөтүүдө.

Баткен районунун Лейлек районунун тургундары Кыдырбек Айбалаев жана Эрлан Жалиловдор аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 50миң сомдук азык-түлүк жардам кылышты.

Сүлүктү шаарында карылар үйүнө бей өкмөт уюмдар тарабынан азык -түлүк иретинде жардам берилди.

Баткен шаарында ишкер Эгемберди Абдырахманов акысыз 6000 беткап жана 30 тонна арзандатылган ун, ишкер Назарали Бурканов 90 тонна арзандатылган ун алып келип, шаардык мэриянын кызматкерлери тарабынан элдин массалык топтолуусуна жол бербөө максатында унга муктаж жарандардын үйлөрүнө жеткирилип берилүүдө.

Ал эми Баткен районунун тургуну, ишкер Артыкбай Кошматов райондун эң алгач өзгөчө кырдаал жарыяланган Ак-Сай, Ак-Татыр,Самаркандек айылынын тургундарын арзан баада азык-түлүк менен камсыздоодо.

Кызыл-Кыя шаарында ишкер Сейитбек Абдикаримов шаар элине акысыз 15 тонна ун, 3000 даана медициналык кол кап, 3000даана антисептик, 5000даана беткап менен камсыздоого жардам берүүдө.

Мындан сырткары, атын атабай жардам көрсөткөн бир катар атуулдар бар.

Пикир

Оставить комментарий