• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда коронавирустун жаңы учурлары 10 эсе азайды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Баткен облусунда коронавирустун жаңы учурлары 10 эсе азайды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл Жаныбек Жалаловдун коронавирус оорусу менен күрөшүү боюнча облустук штабга койгон тапшырмаларына ылайык, Covid-19 илдети менен күрөшүү аракеттери күчөтүлүп, натыйжада оору кескин кыскарды.

Жер жерлерде ооруган бейтаптар катуу көзөмөлгө алынып, оорунун жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу чаралары көрүлдү.

Баткен облусунда коронавирус менен ооруган жарандардын саны, бир ай мурдакы учурга салыштырмалуу 10 эсе азайды.

2020-жылдын 23-октябрында облуста коронавирус боюнча 113 учур катталган болсо, бүгүн 23-ноябрга карата коронавирус жуктурган 8 учур катталып, 70 адам айыкты. Акыркы 8 күндө коронавирустан каза болгон учурлар катталган жок.

Облуста октябрь айында коронавирус менен ооруган жарандардын саны кескин өсүп, күнүнө 100дөн ашуун жаңы учурлар катталып жаткан.

Акыркы үч жумада коронавирус менен ооруган жарандардын саны азая баштады. Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын саны октябрь айында 390го жеткен болсо, учурда ооруканада 172 бейтап дарыланууда.

Баткен облусунда бүгүнкү күнгө чейин 6 миң 537 адам коронавирус менен ооруган болсо, анын 5497 айыгып чыкты. Оору жуктурган жарандардын 84,1%ы айыкты.

Учурда оор абалдагы бейтаптардын да саны азайууда.Ушул тапта ооруканада 3 бейтап оор абалда. Өткөн жумада 8 адам оор абалда болгон болсо, анын бешөөнүн абалы жакшырган.

Облустагы эпидемиологиялык абалга мониториг жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен салттуу режимде окуган мектеп окуучуларынын санын көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө.

“Оорулуулардын саны азайган менен облуста эпидемиологиялык абал кооптуу. Жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий