• 79.87
  • 84.48
  • 1.3

Баткен облусунда “Кошумча жабдык” аталышындагы иш-чара жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) 2022-жылдын 16-январында келген көрсөтмөнүн негизинде Баткен облусунун аймагында 17-январдан 30-январга чейин “Кошумча жабдык” аталышындагы иш-чара жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБсы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин негизги максаты облус аймагында жол унаа кырсыктарынын оор кесепеттерин алдын алуу жана болтурбоо.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө өз алдынча уруксаты жок кайра жабдуу иштерин жүргүзгөн айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чара көрүлүп, айдоочулар арасында ашыкча жүргүнчү салбоолору жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоолору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий