• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда лидер аялдардын тилектештик курултайы өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Баткен облусунда лидер аялдардын тилектештик курултайы өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова жана облус аймагындагы лидер айымдар, жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары катышты.

Курултайда негизинен аялдарга карата зордук-зомбулук жана ыдык көрсөтүү, аялдардын саясий процесстерге катышуусу жана саясаттагы аларга болгон кысым, аялдардын экономикалык күчтөндүрүүсү жана аймактардагы саламаттыкты сактоо, экология сыяктуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Ошондой эле өкүлдүн биринчи басары Маруфхан Тулаев иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун аймагындагы аялдардын орду жана аялдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер туурасында маалымат берип өттү.

Бул иш-чара облустун прогрессивдүү лидер аялдарын бир аянтчага чогултуу менен,

- өз ишинин мыктысы болгон лидер аялдардын башын бириктирүү;

- аялдарга байланыштуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү;

- лидер аялдардын кызматташтыгы үчүн аянтча түзүп берүү;

- аялдардын лидерлигин, тилектештигин өнүктүрүү;

- аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатууга салым кошуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий