• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда маараке өткөргөн жарандарга чара көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Баткен облусунда маараке өткөргөн жарандарга чара көрүлүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган комиссия рейд жүргүзүп, облустук штаб кабыл алган чектөөлөргө баш ийбеген жарандарга айыппул салынууда.

Ошондой эле 15-августта Баткен шаарындагы базарга жана соода түйүндөрүнө жүргүзүлгөн текшерүүдө 19 объект эскертүү алып, 10 объектке айыппул салынган.

Пикир

Оставить комментарий