• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткен облусунда мал жандыктарын эмдөө иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Баткен облусунда мал жандыктарын эмдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында мал жандыктарын арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында эмдөө жана жолбун иттерди жок кылуу иштери жүрүүдө. Бул боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыгып, район шаарларга аткарууга жиберилген.

Бул багытта жумуштар Кадамжай районунда дээрлик аяктоо алдында. Райондо сибирь жарасына каршы 6341 баш бодо мал эмделди. Ал эми ящур оорусуна каршы 32025 баш, карасан оорусуна 8687 баш, бруцеллез оорусуна 8844 баш мал эмделди. Ошондой эле 1200 жолбун ит-мышыктар,73 карышкыр, чөө атылды.

Мындан сырткары кутурма, мите курт, чума ооруларына каршы эмдөө иштери жүрүүдө.

Баткен облусунда 159 миң бодо мал, 510 миң майда мал-жандык бар.

Пикир

Оставить комментарий