• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунда мамлекеттик жана коммерциялык банкттар штаттык режимде иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Баткен облусунда чек арага жакын аймактардан тышкары жайгашкан мамлекеттик жана коммерциялык банктар, алардын филиалдары жана сактык кассалары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги брифингде Улуттук банкттын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Акмал Раззаков билдирди.

Анын айтымында, чек арага жакын айылдардагы сактык кассаларынын иши убактылуу токтоп турат, себеби имараттары талкаланып, ичиндеги буюмдары тонолуп кеткен.

“Азыркы учурда куралдуу кагылышта банк системасына келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Чек арага жакын жайгашкан Борбордук, Ак-Сай, Кулунду, Интернационал айылдарындагы сактык кассалар жана банктык жабдуулар, банкоматтар талкаланып, тонолуп кеткен. Учурда банктын имараты таптакыр күйүп кеткендиктен жана интернеттин жоктугунан иштебей турат”, - деди ал.

Раззаков насыялары бар жабырлануучуларга жеңилдиктер берилип, алган насыялары жокко чыгарылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий