• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Баткен облусунда мечиттер дезинфекцияланууда

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/ Бүгүн, 2-октябрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасына ылайык облус аймагында мечиттер дезинфекцияланууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштери облустук санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, Баткен шаарында 3, Сүлүктүдө 2, Лейлек районунда 3, Кадамжай районунда 14 мечит дезинфекцияланды.

Облус аймагындагы дезинфекциялоо иш-чарасы казыяттын иш башкарма адиси Абдусаттар ажы Жакыпов тарабынан көзөмөлгө алынган.

“Кыска убакыттын ичинде облустун аймагындагы бардык мечиттерди толук дезинфекциялап, кылдаттык менен көңүл буруп жатабыз. Мындан тышкары ар бир мечиттин имамына санитардык талаптарды так сактоодо тийиштүү тапшырмаларды бергенбиз”,- дейт Абдусатттар ажы Жакыпов.

Пикир

Оставить комментарий