• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда мектептерди ачууга даярдыктар көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Баткен облусунда мектептерди ачууга даярдыктар көрүлүүдө Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, облуста 1-6-класстын 71 миң 803 окуучусу мектепке келээри күтүлүүдө.

"Учурда мектептерде окуучулардын бир убакта массалык топтолушун алдын алуу максатында атайын график иштеп чыгуу, COVID-19 илдети менен ооруган жарандардын балдарынын саламаттыгын текшерүү маселеси каралып, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий