• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна коон кармалды

Аймак 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Баткен облусунда коңшу мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна коон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынан билдиришкендей, Баткен облусунда О.З. уулуу аттуу кыргыз жараны айдаган "Шмитц" чиркегичи чиркелген "Volvo FH12" унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүндө коңшу мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан баасы 1 млн 200 миң сомдук 20 тонна коон болгон.

"Айдоочуда ЕАЭБ аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ болгон эмес", - деп билдиришти Бажы кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий