• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткен облусунда мыйзамсыз ташылып жаткан КММ жана жүзүм аныктады

Аймак 0

Бишкек, 27.08.22. /Кабар/. Баткен облусунда мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү-майлоочу май жана жүзүм аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кадамжай - унаа жолу" өткөрүү пунктунда Өзбекстандын жараны 1999-жылы туулган Ш.О.нун башкаруусундаы "Вольво" жүк ташуучу унаа кармаган. Анын айдоочу Кыргызстандын аймагынан Сох (Өзбекстан) анклавына 3 миң 250 литр дизель майын мыйзамсыз түрдө алып өтүүгө аракет кылган.

Бүгүн, 27-августта Баткен райоунун Жаңы-Бак айылындагы Кунанды жергесинде КР жараны 1971-жылы туулган Б.Э.нин башкаруусундагы "Фольксваген-LT46" унаасы кармалган. Ал Тажикстандан Кыргызстанга 384 коробка жүзүмдү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Товардын жалпы салмагы 3 миң 72 кг түзгөн.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча бардык кармалган жүктөрдүн баасы 65 миң сомду түзгөн.

Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган унаалардын айдоочулары андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий