• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда окуучулар дистанттык негизде окуп баштады

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда да окуу программаларынын аткарылышын аралыкта камсыз кылуу менен окуучуларга IV чейректи окутуу 2020-жылдын 8-апрелинен башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, буга чейин окуучу жана ата-энелердин, мугалимдердин аралыкта окутуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар алынган.

Облустун мектептеринде Edupage программасын колдонуп, окуучуларды баалоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Мугалимдер окуучулар менен иштөөдө WhatsApp жана Edupage, Zoom, Telegram, Kahot тиркемелери аркылуу кайтарым байланыш жасай алаары такталды.

Бардык мугалимдердин өзүндө окуткан классынын WhatsApp группалары ачылды.

Бала бакчалар жана 1-4-класстардын окуучулары үчүн КТРК “Баластан” телеканалы, 5-11-класстар үчүн ЭлТРдин “Билим жана илим”, “5 канал”, “Пирамида”, “Санат” каналдары аркылуу теле сабактар көрсөтүлүшү маалымдалды.

Баткен облусунда 245 мектеп, 104547окуучу, 7646 мугалим бар.

Пикир

Оставить комментарий