• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда парламенттик шайлоо күнү 1,2 миңге жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздук сактайт

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата Баткен облусундагы ички иштер орган кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саптык кароого Баткен ОИИБнын, Баткен шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, КР ИИМнин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери жана КР ИИМнин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери, Кадамжай, Лейлек райондук, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары катышты.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев гарнизондук кароого катышып, ИИОнун кызматкерлеринин шайлоо астындагы даярдыктарын текшерип, ИИМдин тапшырмаларын жеткирди.

"Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов милиция кызматкерлеринин шайлоо алдындагы кызматтарына канчалык деңгээлде даяр экенин бир катар текшерип чыкты. Бул текшерүүдө ар бир кызматкердин кийип турган формасы кышкы сезонго даярдыгын, алып жүргөн кызматтык күбөлүктөрүн текшерүүдөн өткөрдү", - деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Парламенттик шайлоо күнү облус аймагындагы коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузуучулуктун алдын алуу жана укук бузууларга жол бебөө максатында 1 миң 200гө жакын милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге иш алып барат.

Ошондой эле ыкчам тергөө топтору түзүлүп, мыйзам бузулган жерлерде ыкчам чаралар көрүлөт.

Баткен облусунда милиция кызматкерлери 25-ноябрдан 29-ноябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий