• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткен облусунда өрттүн саны 6 пайызга азайган - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7 ай ичинде Баткен облусунда 94 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 100), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 6 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Өрттөрдүн негизги себептери:
- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 22;
- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 7;
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 18;
- балдардын от менен ойноосуунан – 9.

Өрттөн болгон негизги объектилер:
- турак жай сектору - 20 ;
- короодогу курулуш - 18;
- автоунаалар - 5;
- ачык аянттагы кургак чөп - 2.

Болуп өткөн өрттөрдүн бөлүнүшү:
- Баткен шаары жана Баткен району – 20;
- Лейлек району -25;
- Кадамжай району -32;
- Кызыл-Кыя шаары – 17.

Пикир

Оставить комментарий