• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда саат 14:00гө карата 75,7 миң шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Баткен облусунда саат 14:00гө карата 75 миң 731 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саат 14:00гө шайлоочулардын 26,6% шайлоого келди.

Баткен району - 11 миң 347, Баткен шаары - 3 миң 441, Кадамжай району - 28 миң 214, Кызыл-Кыя шаары - 7 миң 989, Лейлек району - 21 миң 70, Сүлүктү шаары - 3 миң 670.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, Баткен облусунда жалпы 284 миң 265 шайлоочу бар.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий