• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган 142 ишканага айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган 142 ишканага айып салынды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык район, шаар аймактарында тынымсыз текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун протоколдук тапшырмасына ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун дарыгерлери базар, дүкөн, эл көп топтолгон коомдук жайларды, кафе, ресторан жана калкты тейлөө жайларына тынымсыз рейддерди жүргүзүп жатышат.

Адистер тарабынан санитардык нормаларды сактабаган, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, жергиликтүү бийлик кабыл алган чектөөлөргө баш ийбеген ишканаларга жеринде чара көрүлүүдө. Ошондой эле рейддин жүрүшү облустук телеканал аркылуу комментарийсиз көрсөтүлүүдө.

"1-майдан бүгүнкү күнгө чейин облуста жалпы 1 миң 364 ишкана текшерилди. Анын ичинен санитардык норманы сактабаган 425 ишканага эскертүү берилип, 142 ишканага айыппул салынган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий