• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.09.20 /Кабар/. Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пандемиянын экинчи толкунун эске алуу менен, эл арасында сасык тумоонун алдын алуу максатында өлкөнүн башка аймактары сыяктуу эле Баткен облусунда да сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат.

Эмдөө биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жана медицина кызматкерлерине жасалууда.

Облуста жалпы 9000 адам эмдөөдөн өтүүдө. Адистер алдыда дагы этап-этабы менен эмдөө жүргүзүлөөрүн айтышат.

Дарыгерлер сасык тумоого каршы эмдөө күз-кыш айларында өтүүчү сасык тумоонун курч түрлөрүнөн сактайт жана оору жуккан учурда да ал жеңил өтөөрүн белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий