• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды

Аймак 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Жаныбек Жалалов Баткен шаарындагы №8177 шайлоо участкасында добуш берди.

Ыйгарым укуктуу өкүл шайлоо тилкесинин салтанаттуу ачылышына катышып, жалпы элди КРнын президентине мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоонун жана КРнын мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдун башталышы менен куттуктады.

Баткен облусунда шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 264 түздү. Ошондой эле 217 шайлоо участкасы ачылып, иштеп баштады.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалган.

Жалпысынан коомдук коопсуздукту камсыз кылууга облус боюнча 880 милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошуундар түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий