• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда шайлоо тилкелери ачылып, добуш берүү башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Баткен облусунда шайлоо тилкелери ачылып, добуш берүү башталды, - деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум өнөктүгүн өткөрүү үчүн Баткен облусунда референдумга карата 218 шайлоо участкасы, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 201 шайлоо участкасы ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды.

Облус боюнча референдумга шайлоочулардын саны 300 миң 500, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 279 мин 875 шайлоочу.

Облуста 27 айылдык, 6 шаардык кеңештерге шайлоолор өтүүдө.

Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандатка 56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандатка 1633 талапкерлер ат салышууда.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык шайлоо участкаларында санитардык талаптарга ылайык шарттар түзүлгөн.

Бул күнү коомдук коопсуздукту камсыздоого жалпысынан 882 ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылган.

Пикир

Оставить комментарий