• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламенттик шайлоо. Баткен облусунда укук бузуу фактылары аныкталган жок

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өз нугунда өтүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн облус аймагында жалпы 1200гө жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактоодо.

Шайлоо убагында жарандардын коопсуздугуна, мыйзамдуулуктун сакталышына, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана мыйзамсыз иштерге ыкчам иш-чараларды көрүү максатында Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ал эми ар бир шайлоо участкаларына бөлүнгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери, ыктыярдуу элдик кошуундар элдин коопсуздугун коргоо, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Ошондой эле жарандарга COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежесин жана аралыкты сактоо менен добуш берүү үчүн беткап, колкап кийип кирүү эскертилүүдө.

Азыркы сааттарга укук бузуу фактылары аныкталган жок.

Пикир

Оставить комментарий