• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда шайлоодо 116 миң жаран добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо жана референдумда 116 миң 130 жаран добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шайлоого жалпы катышуу саат 20.00гө карата болжолдуу 39,1%ды түздү, тагырагы 116 миң 130 шайлоочу добуш берди.

Анын ичинен Баткен шаарынын шайлоочуларынын 39,2%ы, Баткен районунун 40,3%ы, Кадамжай районунун 38,4%ы, Кызыл-Кыя шаарынын 35,6%ы, Лейлек районунун 39,9%ы, Сүлүктү шаарынын 42,5%ы шайлоого катышты.

Пикир

Оставить комментарий