• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Баткен облусунда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого карата даярдыктарды көрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Жаныбек Жалалов район жана шаар башчыларына, укук коргоо органдарына шайлоону уюшкандыкта өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Алар:

- шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу;

- калкты биометрикалык каттоодон өткөрүү;

- шайлоо участкаларын жана идентификациялоо аппараттардын коопсуздугун камсыздоо;

- үгүт иштеринин жүрүшүндө жана шайлоого карата акча таратуу жана башка мыйзам бузууларга жол бербөө;

- үгүт иштерин жүргүзгөн талапкерлердин санитардык нормаларды сактоосун көзөмөлдөө;

- шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо жана жылуулук менен камсыздоо;

- шайлоочуларды өзүн-өзү тизмеден тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 297 миң 216 шайлоочу жана 215 шайлоо участкасы бар.

Пикир

Оставить комментарий