• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда төрт мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Жаңы окуу жылына карата Баткен облусунда төрт мектеп пайдаланууга берилди, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Кадамжай районунун А. Орозбеков, А. Масалиев, Майдан айыл аймактарындагы мектептерди ачуу салтанатына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов катышып, окуучуларды жана мугалимдерди билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттукташты.

Акрам Мадумаров жаңыдан пайдаланууга берилген мектептердин ар бирине сыналгы белек кылган. Ошондой эле мектептин алдыңкы мугалимдерине, мектептин курулушуна салым кошкон инсандарды сыйлады.

Пайдаланууга берилип жаткан Орозбеков айыл аймагындагы “Охна” гимназия мектебинин 225 орундуу кошумча имаратынын курулушуна республикалык бюджеттен 59 млн. сомдон ашык каражат жумшалып, спорт залы, ашканасы сыяктуу баардык керек болгон шарттары менен жаңы имарат бүткөрүлдү. Буга чейин аталган мектептин имараты жер титирөөдөн соң кооптуу абалга келип, 1200дөн ашуун окуучу үч нөөмөт менен билим алып келишкен.

"Ал эми Масалиев айыл аймагындагы А.Орозбеков орто мектебинин 125 орундуу кошумча имараты “Ассанабил” Кайрымдуулук фондунун колдоосу менен 20 млн. сомго бүткөрүлдү. Буга чейин айылдын окуучулары эски, ашар жолу менен курулган клубдун имаратында билим алып келишкен. Майдан айыл аймагындагы “Исфайрам” орто мектеби 275 орунга ылайыкташып, 59 млн. сомго мектептин курулушу бүткөрүлдү. Мектептин эски имараты мындан 40 жыл мурда курулуп, эскилиги жеткен болчу", деп айтылат маалыматта.

Лейлек районунда ачылган алыскы Ак-Суу айыл аймагындагы “М.Горкий” орто мектеби 475 орунга ылайыкташып, курулуштун келишимдик баасы 6266,5 миң сомду түзгөн.

Бугүнкү күндө облуста дагы 17 мектептин курулушу журүүдө. Алардын көпчүлүгү республикалык бюджеттин каржылоосу менен башталган. Ал эми жер -жерлерде мектеп көйгөйүн, жергиликтүү бийлик, инвестиция тартуу, донорлор менен иштешүүнүн натыйжасында чечүүдө.

Баткен облусу боюнча жалпысынан 235 мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий