• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунда түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү да тартылат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик, ички иштер органдарынын жана ар бир айыл, аймактык башкармалыктарда жашаган активдүү жарандардан турган атайын комиссия түзүлөт.

Белгилей кетсек, тийиштүү органдардан түзүлгөн комиссия күн сайын шаар, район борборлорунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, рейдке чыгышууда.

"Алыскы айылдарда дагы деле ар кандай мааракелерди өткөрүп, эл көп топтолгон учурлар катталууда. Ошондуктан айыл башчыларга, мындан ары жарандык коом колдоо көрсөтүп, үймө-үй кирип, санитардык норманы сактоо менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Белгиленген чектөөлөргө баш ийбеген жарандарга тийиштүү органдар тарабынан чаралар көрүлөт", - деп айтыла билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий