• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен облусунда өткөн жылы 1 миңге жакын адам мамлекеттен жеңилдетилген насыя алган

Аймак 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Баткен облусунда өткөн жылы 1 миңге жакын адам мамлекеттен жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облуста жыл сайын мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя алган жарандардын катары көбөйүүдө.

2019-жыл ичинде облуста мамлекеттен 547 ишкер 193 млн 353 миң сом насыя алган болсо, 2020-жылда бул көрсөткүч эки эсеге өсүп, жалпы облус боюнча Айыл банкы жана РСК банкы тарабынан 914 ишкер мамлекетен 432 млн 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.

6%-10%дан берилген насыялар, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субьектерин каржылоого берилди. Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен 41 млн 192миң сомго, лизингге техникаларды алышкан.

Багбанчылык үчүн 103 ишкер 43 млн 275 миң сом, мал чарбасы үчүн 772 ишкер 310 млн 25 миң сом насыя алышкан. Ошондой эле 10 ишкер 18 млн 500 миң сом кайра иштетүү багытында насыя алышып, чакан ишкердиктерин башташкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, мамлекет тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында жарандарга жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча КР өкмөтү тарабынан 2021-жыл үчүн каржылоо башталганга чейин, жеңилдетилген насыя алууну каалагандар, азыртан аталган банкттарга барып, адистерден кеңеш алуу менен кезеке турса болот.

Пикир

Оставить комментарий