• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда өткөн жылы дээрлик бардык жугуштуу оорулар эки эсе азайган

Аймак 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Баткен облусунда 2020-жыл ичинде коноравирус инфекциясын эске албаганда, дээрлик бардык жугуштуу оорулар азайган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жугуштуу оорулардын азайышынын себебин адистер COVID-19 инфекциясына байланыштуу, жарандардын санитардык, гигиеналык талаптарды жакшы сактагандыгы жана карантиндик чектөөлөрдөн улам, жарандардын коомдук жайлардан оолак болушу, коронавирус оорусунан сактануу үчүн ар дайым беткап кийип, туура жана витаминдүү тамактангандыгынын таасири дешет.

Маселен курч ичеги карын оорусу менен 2019-жыл ичинде 3591 оорулуу катталган болсо, 2020-жылы 1655 оорулуу катталып, салыштырмалуу 1936 оорулууга азайган.

Ал эми сасык тумоо менен ооругандар 2019-жылы 18038 адам болсо, 2020-жылы 13802 жаран ооруган. Натыйжада өткөн жылга салыштырмалуу 4236 адамга аз катталган.

Вирустуу гепатит менен 2019-жыл ичинде 1640 адам катталып, 2020-жылы 642 оорулууга азайган. Вирустук гепатит оорусунун В түрү менен 2019-жыл ичинде 26 учур катталган болсо, 2020-жыл ичинде 9 учур катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 17 учурга азайган. Вирустуу гепатит оорусунун С түрү болсо 2019-жыл ичинде 4 учур катталган, ал эми 2020-жыл ичинде 1 учур катталып, 3 учурга азайган.

Кургак учук оруусу менен ооругандар 2019-жыл ичинде 308 ооруган адам болсо, 2020-жыл ичинде 256 ооруган адам болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 52 адамга аз катталган.

Жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыр тарткандар 2019-жыл ичинде 1168 учур, 2020-жыл ичинде 658 учур катталып, салыштырмалуу 510 учурга аз катталган.

2019-жыл ичинде анемия (аз кандуулук) ооруусу менен ооруган адамдар 8407 түзүп, 2020-жыл ичинде бул оруу менен 5451 ооругандар же болбосо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2956 адамга азайган.

Бир гана бруцеллез оруусу менен ооругандар 2019-жыл ичинде 50 адам ооруган болсо, 2020-жыл ичинде 61 адам катталып, салыштырмалуу 11 учурга көбөйгөн.

Ал эми паратиф А жана В, сибир жарасы оорулары кездешкен эмес.

Пикир

Оставить комментарий