• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен облусунда турак жайларды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда турак жайларды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Жалпы облус боюнча 95 миңден ашуун турак жай катталган, - деп маалымдайт өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2020-жылдын 1-майына карата 2400 турак жай камсыздандырылган.

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан үстүбүздөгү жылдын январь-май айларына карата облуста табигый кырсыктан турак жайы жабыркаган 5 турак жай ээсине 422 миң 699 сом төлөнүп берилди. Баткен облусу өзгөчө кырдаал көп катталган, кооптуу аймак болуп саналат. 29-30-апрелде болгон катуу шамалдан, 2-майда келген селден Лейлек районунда жалпы 77 турак жай жабыркаган. Алардын ичинен 11 гана камсыздандырылган", - деп айтылат маалыматта.

Облустагы өкүлдүн атайын буйругунун негизинде эл арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Түшүндүрүү иштерин тийиштүү адистер санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо менен алып барууда. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарынан, социалдык тармактардан маалымат берилүүдө.

"Өкүл Алишер Абдрахманов камсыздандыруу менен катар, кооптуу аймактарда жашаган элдер менен иш алып баруу тапшырмасын койду. Бүгүнкү күнгө мамлекет тарабынан тийиштүү жардамды жана жер тилкесин алып, бирок кооптуу аймактан көчпөй келген 60 үй-бүлө бар", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, жарандар жылына айыл жеринде 600 сом, шаарда 1200 сом төлөм менен турак жайын камсыздандыра алат.

Пикир

Оставить комментарий