• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басм сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, митинг-реквиемге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов баштаган саналуу гана жетекчилер катышкан.

Жетекчилер Өчпөс отко гүл чамбарларды коюп, УАМ согушта курман болгон аталардын арбагына багыштап куран окушту.

Белгилей кетсек Улуу Ата Мекендик согушка Баткен облусунан 20 миң 766 эр азамат аттанган болсо, алардын 14 миң 213 кайтпай калган. Ал эми 6 миң 553и мекенине кайтып келишкен. Учурда облуста 10 согуштун жана 279 ооруктун ардагери бар.

Ал эми облустагы жападан жалгыз Советтер Союзунун баатыры Самат Садыков көзү тирүү болгондо кечээ, 8-майда 100 жашка толмок. Баатырдын туулган жери Лейлек районунда, анын эрдиги эскерилип, эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий