• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда залалсыздандыруу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда залалсыздандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 22-май күнү ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 4116 чарчы метр имараттын ичи, 18 854 чарчы метр имараттын сырты жана 16 600 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланган. Иш-чарага 3 техника жана 24 кызматкер тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп топтоло турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий