• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда жалпы 10 чакырымга жакын ички жолго асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Быйыл облус боюнча жалпы 18 км жолго асфальт төшөө пландалган болсо, бүгүнкү күнгө карата 9,6 км жолго асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоо жумуштары үчүн республикалык бюджеттен 65 млн сом каралган болсо, учурда анын 42 млн 500 миң сому каржыланды.

Белгилей кетсек, региондорду өнүктүрүү боюнча республикалык бюджеттин эсебинен райондун борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор асфальтталып, оңдолууда.

Азыркы күндө курулушу жана реконструкция жумуштары аяктаган жолдор: Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсү, Кызыл-Кыя шаарынын Маяковский, Масалиев көчөлөрү, Баткен районунда Сох-Газ автожолу, Исфана шаарында Андарак-Көк-Таш, Гордой-Кекире жолдору, Айдаркен шаарында Кыргызстан-Асаева, Сүлүктү шаарында Бакыбек атындагы көчө, Лейлек районунда Самат-Замборуч-Жаркыштак жолу, Кадамжай районунда Металлург-Северная, Кыргыз-Кыштак айылында Халмион-Таш-Дөбө жолдору.

Пикир

Оставить комментарий