• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткен облусунда жалпы ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.08.22. /Кабар/. Эгемендүүлүк майрамын утурлай 20-августта Баткен облусунда ишембилик болуп өттү.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ишембиликке жалпы мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

"Бул күнү облус аймагында мекеме-ишканалардын айланасы, көчөлөр, парктар тазаланып, таштандылардан арылды. Ошондой эле имараттар, бак-дарактарды актап, сырдоо жумуштары жүрдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий